Борбор калаадагы базарлардын биринен тон сатып алам деп кийип, акчасын төлөбөстөн изин суутуп кеткен айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 46 жаштагы А.Д. аттуу айым кайрылган. Анда ал анын Махабат аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен тонун кийип, изин суутуп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы С.Н. аттуу айым кармалды. Учурда иликтөө жүрүүдө.