Бүгүн, 3-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча сот отуруму болду. Анда айыпталуучунун жактоочусу “Келдибеков "2005-жылы Социалдык фонддо иштеп турганда акча каражатын негизсиз бөлүштүргөн" деп айыпталууда. Бирок иште ошол учурга тиешелүү документтердин түп нускасы жок. Ошондой эле эскирүү мөөнөтү да бүткөн. Мындан улам козголгон кылмыш ишин токтотууну өтүнөм” деди. Ал эми сот өтүнүчтү карап чыгуу үчүн сот отурумун 10-мартка жылдырды.
Эскерте кетсек, Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген.