Тыңчылыкка шектелген өкмөттүк аппараттын мурунку кызматкери Алтынбек Муралиевди камакта кармоо мөөнөтү 1 айга узартылды. Мындай чечимди 3-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурунку башчысы Алтынбек Муралиев 2014-жылдын 1-ноябрында “кызматтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды чет өлкөлүк уюмдарга берүү же берүү максатында чогултуу” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.
Айта кетсек, Алтынбек Муралиев 1999-2000-жылдары премьер-министр болгон Амангелди Муралиевдин баласы.