Ошто эки жарандын Сириядагы согушка катышуу үчүн кетишкени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин 10-башкы башкармалыгы диний-экстремисттик агымдарды аныктоо максатында Ош шаарында жана Ош облусунда оперативдүү иштерди жүргүзгөн. Анын негизинде Кара-Суу шаарынын 1979-жылы туулган С.Х. аттуу тургуну террористтик чакырыктарды жасап жүргөнү жана Ош шаарынын 1986-жылы туулган Д.А., 1993-жылкы К.Х. аттуу тургундары 2013-жылы Сирияга кетишкени аныкталган.