Жарандык
коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде республиканын
аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 15 өрт өчүрүү
бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Борбордогу Сүйүнбаев
көчөсүндө жайгашкан Пионер көлүнүн жээгинде 700 чарчы метр камыш күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон. Учурда күнөөлүүлөр такталууда. Ошондой эле Москва
районуна караштуу Беловодск айылында самсаканадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 1 духовка, 1 стол, отургуч жана жанындагы
ветеринардык дарыкананын 3 чарчы метр, шифер жабылган чатыры чала күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуусунун себеби такталууда.