Борбор калаада пенсионердин уюлдук телефонун уурдоого шектелген 12 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен А.Н. аттуу айым кайрылган. Анда ал Ак-Өргөө жаңы конушундагы мончодон уюлдук телефонун белгисиз жаран алып койгонун айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары 12 жаштагы Д.М. аттуу кыз кармалды. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүүдө.