Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, оор жаракаттардан улам бир адам каза тапты

Бишкек-Ош унаа жолунун 335-чакырымында жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош багытын көздөй бара жаткан Мерседес-Бенц Е 320 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Натыйжада унаанын 3 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, Үч-Терек айылдык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Оор жаракаттардан улам бир жүргүнчү ооруканадан каза тапкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан