Кара-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды

Кара-Көлдө баңгизатты мыйзамсыз сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-март күнү саат 11:30 чамасында Кара-Көл ШИИБинин кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Кара-Көл шаарындагы бүтө элек имараттын жер төлөсүндө Д.Н. аттуу жаран мыйзамсыз баңгизатын сактап жатканы белгилүү болгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 21 жаштагы Д.Н. аттуу жаран кармалды. Ошондой эле анын жанынан жалпы салмагы болжол менен 800 граммды түзгөн гашиш табылган. Азыркы учурда тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saulet2009
2015-03-04 13:34:01
Сиздерден сураныч мыйзамсыз деген созду жазбаныздарчы не законно деген тушунукту берсе наркотикти да мыйзамсызы болмок беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан