Чоң атасы небересин ур-токмокко алганы боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын февраль айында Москва районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 1964-жылы туулган жаран небересин ур-токмокко алганын айткан. Ошол эле учурда бул факты боюнча «кыйноо» жана «бейбаштык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Москва райондук соту ишти карап, кылмышка шектүүнү камакка албай, эч жакка кетпөө боюнча чечим чыгарган.
Ал эми экинчи небересинин ур-токмокко алынып, каза тапканы боюнча эч ким милиция кызматкерлерине кайрылган эмес.
Буга чейин чоң атасынын ур-токмогуна кабылган эки баланын бири каза таап, бири сүйлөй албай калганы айтылган эле.