Жалал-Абадда эки жаран өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарды милицияга тапшырышты

Жалал-Абадда эки жаран өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарды милицияга тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 3-мартта Базар-Коргондун тургуну атасынан калган ИЖ-32 үлгүсүндөгү А10134 сандуу ок атуучу куралды милицияга тапшырды. Ошондой эле Жаңы-Чек айылынын О.О. аттуу тургуну "Жеңиш" сейил багынан таап алган МR-654К үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен милицияга берген.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан