Ош шаардык мэриясындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-2013-жылдар аралыгында Ош шаардык автотранспорт муниципалдык ишканасында мыйзамды бузуу менен жалпы баасы 66 миллион 282 миң сомдук бир канча тендер өткөн. Ошондой эле аудитордук текшерүүдө мамлекетке 1 миллион 334 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.