Дубай шаарына тааныштары аркылуу алданып барып, сексуалдык кулчулукка кабылган айым ал жакта иштеген мекендештерибиз аркылуу куткарылды.
Жабырлануучу 2-мартта "Супер-Инфо" гезитине маек куруп: "Бишкек шаарындагы сулуулук салондорунун биринде чач кыркып иштечүмүн. Замир аттуу таанышым "Дубайда эжем сулуулук салонун иштетет. Барып иштеп келбейсиңби" деп Анна аттуу эже менен тааныштырган. Анна менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ата-энеме айтпастан, үстүбүздөгү жылдын 5-январында Дубай шаарына кетип калгам",- деди.
Анын айтымында, жумуш берүүчү 2 миң доллар айлык акы убада кылган жана тамак-ашын, жашаган жерин акысыз кылып берерин айткан.
"Бирок барганда документтеримди, чөнтөк телефонумду тартып алып, "Сени Замирден сатып алгам. Эми сойку болуп иштеп, менден кутуласың" деп 3 күн тамак бербей, мени камап коюшту.
Акыры макул болдум. 1 жума ал жакта иштеген кыздардын жанында жүрдүм, бирок кардарларды тейлеген жокмун. Акыры ал жакта жашаган мекендештерибиз менен интернет аркылуу байланышып жардам сураганымда, алар мени куткарышып, 19-январда Бишкекке салып жиберишти. Учурда кылмышка шектүү Замир укук коргоочулар тарабынан изделүүдө",- дейт жабырлануучу.