Бишкек шаарында 3 айлык ымыркайды сатууга аракеттенген 3 айым кармалды

Бишкек шаарында бала сатууга шектелген 3 айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев билдирди. 

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун милиция кызматкерлери тарабынан 3 айлык кызды сатууга аракеттенген педиатр, "Тез жардам" кызматынын медайымы жана 25 жаштагы айым кармалды. Алгач бала сатууга аракеттенгендер тууралуу маалымат Ички иштер башкармалыгына келип түшкөн. Анда 20-25 жаштар чамасындагы айым кызын сатканга даярданып жатканы белгилүү болгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Ж.А. аттуу айым кармалып, анын жанынан 100 доллар жана 500 сом акча алынган. Ал чөнтөгүнөн алынган акчага өзүнүн 3 айлык кызын сатканын билдирген. 

Учурда кылмышка шектүүлөр 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
marmilantka
2015-03-04 11:28:53
Ой тообо елдер жинди болуп баратабы оо Аллах елдерге хидаят бере кор
+2
EdikoKG
2015-03-04 11:51:15
Эхх адамдар. Эмне эле болуп баратабыз? Башкаларга сабабак болуу учун,катуу даза алышсын эми.
+1
Lili
2015-03-04 12:14:06
Бир адамдын омурун 100 долларга баалап берген турбайбы, акмак
0
Ern
2015-03-04 12:26:12
Бети жок акмактар десе, эмне өзүлөрүнүн балдары жок бекен анчалыкка баргыдай?
0
karona
2015-03-04 12:30:54
Айланайын кыргыздар, жазып жатканда грамматикалык катанарга да конул болуп койсонор! Ел, ене, ж.б.у.с. туура жазылышын уйронуп алгылачы, сураныч.
+5
Jyrgal_msk
2015-03-04 22:41:51
karona, мен да сөзүңө кошулам.
0
Bektur2
2015-03-04 12:53:03
Мындай айбандарды жестока наказать бирого кор бала бирого зар бала
0
Arlenchik
2015-03-04 13:02:05
Akmaktardin jazasin bergile.
+1
BRILIANTTKA
2015-03-04 13:04:42
Көздү чакчайтат го,бул маалымат... Тобоо кылдым,баланы чоочунга саткандан көрөкчө,багып алам деген тууганыңа бер,өзүң да көрүп турасың дегендей,эгер ушунчалык эле бага албай калсаң...Алла Таалам ар бир жараткан пендесин ырыскысы менен кошуп берет... Эне болбой....
+2
Nurlankg92
2015-03-04 13:31:55
Сат сат сат.койнундагы ерин сат ага кошуп колтугундун жунун сат,ондурушун жоок болсо суйруп алтын Тишин сат.
0
sagyn91
2015-03-04 15:31:03
Балким никеси жок торогондур, анан тууган урук билбесин деп оз ымыркайынан баш тартып жатса керек. Бирок баашында жети олчоп бир кесиш керек болчу эми кеч.
+1
bopos
2015-03-04 16:46:43
тобоо,кандай болгон кундо да 100доллар деген эмне,акча табылат бала табылбайт го.аябай эле карангы болуп жаткандай мындай адамдар.
0
Bakulya79
2015-03-04 20:34:21
Заманыбыз ото эле бузулду.ар бир адам озуно нысап,ыйман берсин.жараткан алладан жакшы нерселерди сурайлы.мындай окуялардан алыс болойлу.
0
Pantherka
2015-03-05 15:03:55
9 ай кыйналганын, оз канын 100 $ аз эмеспи ото???? Азыр коптор Бишкектен торогулору келбей калышты, алмаштырат же чарчады деп сатып иет дешип(((((((чынында бала сатуу коп экен бизге айтпаганы менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан