Кара-Балтада "бычак менен коркутуп, айымды зордуктоого аракет кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-мартта саат 21:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жанынан белгисиз жаран 39 жаштагы айымды бычак менен коркутуп, зордуктоого аракеттенген. Бирок жабырлануучу кыйкырып, кылмышкерге каршылык көрсөткөн. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон жерден качууга үлгүргөн. Бирок көп убакыт өтпөй, ыкчам аракеттердин натыйжасында 46 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.