Ысык-Ата районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Ысык-Ата районунда унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-мартта милицияга арыз менен Милянфан айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында бир нече сааттан кийин унаа талаадан табылып, анын күйүүчү майы түгөнгөндүктөн улам ал талаада калтырылганы аныкталган. Бул кылмышка шектүү катары 23 жаштагы коңшу айылдын тургуну кармалды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан