Бишкектеги №11-троллейбуста отургучтун астындагы чака, унаа жылган сайын андагы челкилдеген суу төгүлүп турганы байкалды. Шаарыбыздагы жолдор түз эмес экенин эске алып, жыйынтыгын оңой болжоого болот: суу аз-аздан төгүлүп, ошол отургучка отурган жүргүнчүнү да кайра турууга мажбур кылат. Отургучтун жанында швабра жана заманбап шыпыргы турганынан улам бул троллейбустун ичиндеги тазалыкка жооптуу адамдарга таандык шаймандар экенин байкоого болот. Бул маселени айтып кайрылганыбызда Шаардык троллейбус башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери мунун туура эмес экенин айтып, кайсы маршрут экенин, унаанын номерин сурап калды.