Социалдык тармактарда 9-10 айлык бөбөктүн видеосу тарап, 13 миллион көрүүчү топтогон.
Жаңы эле ойгонгон бөбөктүн чачы каакымга окшоп, миң деген адамдардын жүрөгүн өзгөчө жылуулукка бөлөдү. Күндүн нуруна чагылышкан үлпүлдөк чачы, томпойгон жаактары жана майда сүйкүмдүү колдору видеого өзгөчө көрк берип турат.
Бөбөктүн уйкудан кийинки табигый көрүнүшү интернет колдонуучуларына жылуу маанай тартуулап, видеонун кеңири таралышына себеп болду.