Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 7 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылындагы турак үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 60 чарчы метр турак үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Ошондой эле Базар-Коргон районунда турак үйдүн ашканасынан өрт чыкты. Анын кесепетинен 1 жылытуучу меш жана үй оокаттары күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тиричилик электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгон.