Борбор калаада тоноо фактысына шектелгендер изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-март күнү милицияга арыз менен эки айым кайрылган. Анда алар Шабдан баатыр көчөсүнөн белгисиз жарандар күч колдонуу менен 2 баланы Мерседес үлгүсүндөгү унаага сүйрөп кирип тоноп кетишкенин айтышкан. Учурда иликтөө жана тоноого шектелгендердин өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.