Бүгүн, 5-мартта өлкө аймагында Ала-Тоонун символу катары калыптанган, кыргыздын улуттук баш кийиминин урматына иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Бүгүнкү майрамдын алкагында борбордо жана аймактарда кыргыздын ак калпагын урматтаган жана даңазалагандар аны кийип көчөгө чыгышат. Ошондой эле Бишкек шаарында да ак калпакчандардын парады пландалган.