Ысык-Ата районунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү" деп шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күч органдарына "Туз айылында жашаган үй-бүлөнүн “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмуна тиешеси бар" деген маалымат келип түшкөн. Соттун чечими менен 4-мартта аталган үй-бүлөнүн турак жайы тинтүүгө алынды. Натыйжада турак үйдөн экстремисттик мүнөздөгү китептер, диний-экстремисттик уюмдардын атрибуттары, баракчалар табылып, 32 жаштагы жаран жана анын 28 жаштагы аялы кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.