Токтогул районунда күйүүчү май ташыган унаа кулап, 20 тонна бензин жолго төгүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 4-март күнү Чычкан капчыгайында болгон. Анда күйүүчү май ташыган унаанын токтоткучу (тормоз) кармабай калып кулаган. Анын кесепетинен 20 тонна бензин жолго төгүлгөн. Ал эми айдоочу эч кандай жараат алган эмес.