Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, жүргүнчү оор жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 64-чакырымында болгон. Анда Фольксваген Гольф жана Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү оор жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.