Бишкекте 11 жаштагы кыз изделүүдө

Борбордогу Ак-Ордо жаңы конушунда 11 жаштагы Диана Шаршеналиева жоголду. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-мартта Ленин РИИБине 32 жаштагы айымдан арыз келип түшкөн. Анда ал 3-март күнү саат 20:00 чамасында анын 11 жаштагы кызы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Учурда ал кызды издөө иштери жүрүүдө. 

Жоголгон кыздын өзгөчө белгилери: бою 130 сантиметр, дене түзүлүшү орто, чачы кара. Кара күрмө, ак кофта, кара шым жана кара өтүк кийип жүргөн. 

Эгер Диана тууралуу маалыматка ээ болсоңор, (0557) 54-00-82, (0555) 45-05-25, (0312) 35-26-05 же 102 номуру аркылуу кайрылсаңар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Begimkyz
2015-03-05 12:38:15
Табылып калсын аман эсен.
+1
danyshman
2015-03-05 12:59:37
одружка туугандарынан сураштырып издешсин,откондо февралда жоголгон эки кыз да ошондой туугандарынан табылды окшойт.Ылайым табылып калсын.Бирок март айында жоголгон кыздардан сактасын.
0
Bakulya79
2015-03-05 13:17:22
кудай сактасын.
0
SherhaN
2015-03-05 17:28:46
айланайын ата-эне, ага-ини, кызынарга, карындаштарынарга, эжелеринерге кайдигер мамиле кылбагыла контроль болуш керек
0
Bektur2
2015-03-06 10:28:12
Жараткан АЛЛАХ озу колдом аман эсен алты саны аман табылса экен.
0
Zapash
2015-03-06 21:23:46
Кудай табылып калсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан