Прокуратура “Жабхат-ан-Нусра”, “Катибат аль-Имам аль-Бухари”, “Жаннат Ошиклари” жана “Ислам мамлекети” уюмдарын террористтик уюм деп таап, алардын ишмердүүлүгүнө кыргыз жеринде тыюу салуу боюнча Ош шаардык сотуна кайрылды. Учурда кайрылуу соттун кароо стадиясында турат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жогорудагы аталган уюмдар 2006-жылы Ирак өлкөсүндө негизделген. Алар Сириядагы согуштук аракеттерге жарандарды тартуу менен алек болушат. Ошондой эле алардын кыргыз жеринде да баш аламандыктарды уюштуруу максаты бар.