Лейлекте 3 жыл мурун жашы жете элек кызды зордуктаган милиция кызматкери жазасыз жүргөнү айтылды

Бүгүн, 5-марттагы маалымат жыйынында Кризистик борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова "Лейлек районунда 3 жыл мурун жашы жете элек кызды зордуктап койгон милиция кызматкери жазасыз калды" деп билдирди.

"Зордукталган кыздын боюна бүтүп калып, 2013-жылы август айында ал эркек бала төрөгөн. Учурда кыздын абалы жакшы эмес. Анын психикалык жана моралдык абалы да канааттандырарлык эмес. Соттун акыйкатсыздыгынан аны кордогондор тиешелүү жаза алышкан жок. Кызды алгачкы жолу милиция кызматкерлери Т.Жалилов жана М.Муратов аба майданы тарапка унаа менен алып барып, Т.Жалилов зордуктаган экен. Кийин Т.Жалилов кызды коркутуу жолу менен дагы 2 жолу зордуктаган. Үчүнчү жыныстык катнаштан кийин ал кыздын боюна бүтүп калган. Бул тууралуу кыздын жакындары билген эмес, кийин курсактагы бала кыймылдай баштаганда кеч болуп калган. Эгер бул кыз кош бойлуу болуп калбаганда, окуя ачыкка чыкпай калмак",- дейт Б.Рыскулова.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери башка бирөөнү коркутуп бул кылмышты моюнуна алдырууга аракет кылышкан. Бирок кийин туугандыкты аныктоочу анализден кызды зордуктаган милиция кызматкери баланын атасы экендиги аныкталган. Бардык далилдер турганы менен, ал милиция кызматкери жазасыз калды. 

"Кадамжай райондук соту 2014-жылдын 9-октябрында кыздын зордукталгандыгын далилдөөчү материалдар жетишсиз деп тапкан. Сот милиция кызматкерлерин "кызматтык абалынан пайдаланган" деп, кылмышка шектүүлөрдүн бирин 2 жылга, ал эми экинчисин 1 жылга эркинен ажыраткан. Апелляциялык арыз жазылган соң, соттук териштирүү кайрадан Баткен облустук сотуна жөнөтүлгөн. Кийин бул ишти Жогорку Сот карап чыгып, Ош облустук сотуна жөнөткөн. Бул окуядан бери 3 жыл убакыт өтсө да, эч кандай акыйкаттык орун алган жок. Ал эми жабырлануучунун абалы көңүл кубантарлык эмес”,- деди Б.Рыскулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
danyshman
2015-03-05 14:22:20
Козёл десе
+2
Bakulya79
2015-03-05 15:03:54
бети жоктор кобойду бул заманда.закон деген омуру иштебей турган болдуго.
+3
Fili-07
2015-03-05 15:33:58
Bakulya79,Эмне эле чондорубуз баардык болуп жаткан кылмыштарга кайдигер карап калды деп капа болбой эле койсок болот экен.Эшектин этин коптон бери баарыбыз эле жеп жургон окойбуз.Эшектин этинин курамы ар кимге ар турлуу действие берет окшойт.Кее бирибиз эркек-кызына,кары-жашына карабастан анги болуп кеттик.Кее бирибизди айланадагы болуп жаткан кылмыштарга кайдигер каратып коет экен.
+8
aigulya_9025.mail.ru
2015-03-05 15:18:42
Болон иш болуптур эми эмне болот кызга кыздын баласына байкуш десе андай адамдарды атып салыш керек озу
0
EdikoKG
2015-03-05 15:36:11
Закон акчасы жок,жупуну,карапайым адилет адамдарга гана иштейт. Кылмышкер,каракчы,байлар учун ойун эле болуп калды. "Мышыка оюн,чычканга олум" дегендей.
+4
janul
2015-03-05 16:01:51
Кудааай ай...... Тооббоо кылдым. Не деген заманда жашап жатабыз. акыры келип соттор деле зордуктап калбаса болду жашы жете элек кыздарды
0
danyshman
2015-03-05 17:17:17
Эртен менен эле Кадамжай району деп турат эле,эми Лейлекке которулуп кеттиби педофил милиция?
0
aikow92
2015-03-05 17:36:07
danyshman, Лейлектик милиционерлердин сотун 3-4-сот караптыр. Лейлек райондук соту 5 жылга кескен экен. Анын чечимин Баткен ш. жокко чыгарып, кайра ишти Кадамжай соту карайт. Документтерде 2-3 сот жазылып турат.
0
Aidar.001
2015-03-05 17:37:08
"карга карганын козун чукубайт"-деген ушул окшойт, кудай берээр жазасын.
+1
aikow92
2015-03-05 17:37:58
Иши кыса толук териштирилбеген деп кайра кайра сотторго жоното берген. Сот биринчи 5 жылга камаса, кийинки сот 2 жылга камаган. Милиционер куноону мойнуна албай аппеляцялык арыз жазат. Кыздын туугандары да 5-2 жыл дегендерге макул болбой арыз жазышып ишти созуп журушот экен.
0
al-abu-kinesz
2015-03-05 20:41:45
охоо бул ХХХ турмого тушсо ХХХ го !!
0
admin_portal
2015-03-06 10:07:54
al-abu-kinesz - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз.
0
meli12
2015-03-05 20:44:08
мындай педофилдерди сразу кострировать этиш керек эле бизде олум жазасы катуу наказание жок ошон учун кылмыштар толду
0
erikkarakulja
2015-03-06 02:29:49
Мындай соторго ортончу колум.кудай уруптур.
+1
Rakyl12
2015-03-06 11:33:52
ал баланы мен тааныймын, зонабы сизобу эмне дейт билбейм бирок ошол жактада.
0
Ibraxim
2015-03-06 14:13:31
Аллах корсотот ментерге колун менен кылдынбы башын менен жооп беришин керек .
0
chonko.samat7
2015-03-06 23:57:29
бизге педофилдерге смертная казнь колдоношубуз керек .ошондо токтойт деп ойлойм
0
zhykyo
2015-03-07 15:40:56
Адашып иштеп калган милиционер.Чонойгондо ким болосун милиция
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан