Москванын четиндеги Сахарово кыштагындагы Көп тармактуу миграция борбору мындан ары 24 саат иштейт. Мындай чечим Москва мэриясы тарабынан кабыл алынганын 4-мартта аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады. Айта кетсек, буга чейин патентке кезекке турган кыргыз мамлекетинен барган мигранттар патент алууда полиция кызматкерлери борбор алдына зымдан тосулган короого камап алып, иттер менен кайтарарын айтып даттанышып, элчиликке кайрылышкан болчу. Учурда борбор күнүнө бир жарым миң жаранды кабыл алып жатат. Эгерде борбор күнү-түнү иштөө режимине өтсө, 3 миңге жакын мигрантты тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.