Ошто мектептерде Алиппе майрамына карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу бардык мектептердеги 1-класстын окуучулары үчүн өткөрүлүүчү Алиппе майрамына карата мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды. Башкармалыктан кабарлашкандай, бул 2014-жылдын 7-мартындагы №32-б-02 “Билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу” буйругунун негизинде ишке ашырылды.

Ошондой эле майрамды кафе, ресторандарда белгилебей, мектептин ичинде гана өткөрүлүүсү милдеттендирилди. 1-класстын окуучуларынын Алиппе майрамы ушул жылдын 16-мартына чейин шаардагы бардык мектептерде өткөрүлмөкчү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектептерде жалпы 27 783 башталгыч класстын окуучулары болсо, анын ичинен 6958и 1-класстта окушат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Shaa-82
2015-03-05 17:42:48
ушул нерсени жакшы кылыптыр майрамга чогулт, эжекесине подаркага чогулт дешип биротоло кутуруп атышкан
+2
Bakulya79
2015-03-05 17:58:21
ошол нерсе ишке ашса жакшыго.ашпайтта.Бишкекти да бир текшерип койсо болот эле.
+1
Lili
2015-03-05 18:13:14
Акча го чогултпайт экен, биздин мугалим бизге дасторкон даярдайсынар, "А" класс аш басат, силер манты жасагыла, салат, конфет ж.б. нерселер созсуз болуш керек, анан шарапдарын да унутпагыла деди, в общем ар бир класстын ата энелери "поляну" жаймай болдук, 12-16 чейин мугалимдер кайфует
+1
chynara77
2015-03-06 08:52:15
Мектеп фондуна акча чогултуу мыйзамдуубу? Менин беш балам бар,баары мектепте окушат,озум жесирмин. Балдарым жарым жетим болгондуктан фондтон бошотуусун суранып директорго кайрылсам СПК жолок пулунун справкасын,айлыгындын справкасын алып кел анан коробуз деди. СПКдан 4300сом,айлыгым 6000сом алам. Мен дагы ушул маселе боюнча кимдерге кайрылсам болот,билгендер болсо айтып койгулачы сураныч
0
admin_portal
2015-03-06 10:05:23
chynara77, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, тиешелүү бөлүмгө сурооңузду калытырп койсоңуз жооп алып бергенге аракет кылабыз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
0
zhykyo
2015-03-07 15:00:48
Байкуш мугалимдер мектепте журуп эле пенсияга чыканда крышасы тайып кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан