Ала-Тоо жаңы конушундагы сапатсыз салынган жолду куруучу ишкана өз каражатына оңдоп-түзөп жатат

Бишкектин четиндеги Ала-Тоо жаңы конушундагы 1,7 чакырым жолго асфальт толук төшөлбөй, жол талкаланып калган. Учурда жолдун талкаланган бөлүктөрүн “Грандстат” компаниясы өз каражатына бүтөп жатат. Бул тууралуу 6-мартта SUPER.KG порталына Бишкек мэриясына караштуу Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлү Бошбой Аманжолуев билдирди. 

"Жол куруу иштери кышка чейин бүтсүн" деп өкмөт тарабынан талап коюлуп, натыйжада иш шашылыш жүргүзүлгөндүктөн, жол сапатсыз салынып калган. Анткени каражат дагы октябрь айларында бөлүнүп, иш ноябрь, декабрь айларында жүргүзүлгөн. Кечээ, 5-мартта өкмөттөн, мэриядан өкүлдөр барып, жолдун курулуш иштерин жеринен көрүштү. Компания жолдун сапатсыз салынышын иштин суук түшкөндө аткарылганы менен түшүндүрүп, ага өкмөттү күнөөлөдү. Учурда аталган жолдун талкаланган бөлүктөрү кайрадан салынып жатат. Болжол менен ага 5 миллион сомго жакын каражат сарпталышы мүмкүн. Ал эми жалпы 69 миллион сом бөлүнүп, биринчи этабына 33 миллион сом жумшалган",- деди Аманжолуев.

Айта кетсек, “Грандстат” ЖЧКсы 4-мартта чөгүп кеткен жолдун чуңкурчаларын толтуруп баштаган. Тилекке каршы, жолдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин каржылык колдоосу менен салынган мектепке чейинки бөлүгү гана оңдолуп, калган 1 чакырымдай бөлүгү мурдагы абалында калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurlanchik
2015-03-07 10:48:21
Ушинтип эптеп септеп бутуруп алатда,мына минтип кайра ондоп атышат скупой дважды платит деп
0
elka_manas_kg
2015-03-08 23:48:05

Ala toonun turgundari negizi ele sabirduu kalk eken!!! joldu ondogula dep aita berip ayta berip aran degende jarmini buturuwkon eptep 3 4 ay keti okwoit . bul jakta kontrol jokpu jee uwuntip sozdukturup juro beriwebi!!! Jani salingan mektepti chondor korgonu kelsee abdan jakwii bolmok!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан