Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов 6-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда оңдоо иштерин жүргүзгөн "Копри-Синохидро" ишканасынын өкүлүн жана ЖТИ №41 ишканасынын жетекчисин кабыл алды. Бул тууралуу обладминистрациядан билдиришти.
Облус башчы Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 272-365-чакырымында (Долон ашуусунан Кызыл-Бел ашуусуна чейинки аралык) кардын эриши менен жолдор бузулуп, айдоочуларга ыңгайсыздык жаралып жатканын айтып, 7-марттан баштап майда оңдоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.
Айта кетсек, жолду реабилитациялоо иштери кыш мезгилинде убактылуу токтотулган эле.