Борбор калаада коомчулукту дүрбөлүңгө салган эшектин эти тууралуу окуядан кийин айрым тез тамактануучу жайларда колдонулуучу эттер тууралуу маалыматтар көрсөтүлө башталды.
Киев жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече тез тамактануучу жайлар жайгашкан. Алардын биринин айнегине бир-эки күндөн бери ветеринардык кызматтын тиешелүү документтери жана колдонулган эт уйдун эти экендиги тууралуу маалымат илинди. Маалыматта көрсөтүлгөндөй, эт лабораториядагы тиешелүү текшерүүлөрдөн өтүп, анын жыйынтыгы бардык талапка жооп берери айтылган.
Айта кетсек, борбор калаадагы эшектин эти тууралуу окуядан кийин тамактануучу жайларда жана кафелерде тамактангандардын саны кескин азайган. Бул тууралуу кафе ээлери билдирип, чоң чыгымдарга учурагандарын айтып чыгышкан эле. Андан сырткары базардагы эт жана колбаса сатуучу жайларда да аталган азыктарды алгандардын саны азайганы байкалууда.