Борбор калаада буюмдар жана жабдуулардын көргөзмөсү ачылат

Борбор калаада эртең, 11-мартта "Мода индустриясы: буюмдар жана жабдуулар-2015" 9-Эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти. 
Маалыматка ылайык, көргөзмө-жарманкенин негизги максаты - тажрыйба алмашуу жана ишкердик байланыштарды чыңдоо. Аталган көргөзмөгө өлкө аймагындагы 100дөн ашуун тигүүчү жай жана бир катар тиешелүү мекемелер катышмакчы. Көргөзмөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк материалдар, фурнитура, токулган буюмдар, бут кийим, кийим-кече, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана жабдуулар көрсөтүлөт.   
Айта кетсек, текстиль жана кийим тигүү өнөр жайы учурда өлкөнүн экономикасынын алдынкы тармактарынын бири болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан