Мал катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлерине кайрылды. Мекеме бул ирет тамашалуу, аттарды сүйлөткөн видео аркылуу түнкүсүн төрт түлүккө жарык берүүчү каргы байлоонун маанилүүлүгүн эскертти.
Маалыматка ылайык, 10 айда өлкөдө мал катышкан 45 жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болуп, 60 адам жаракат алды.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы мал ээлерин үй жаныбарларын кароосуз калтырбоого жана жолго чыгып кетишине жол бербөөгө чакырды.