Президент Садыр Жапаровдун жети облустун тургундары менен өткөргөн жолугушууларында 1672 жаран тарабынан 2286 маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 23-ноябрда өткөн республикалык кеңешмеде белгилүү болду.
Өлкө башчысынын маалыматка ылайык, көтөрүлгөн маселелер төмөнкү багыттар боюнча бөлүштүрүлдү:
Мындан тышкары, 4967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу келип түштү.
Садыр Жапаров жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн көптөн бери чечилбей келе жатканына нааразычылыгын билдирип, мамлекеттик органдардын жетекчилерин сынга алды.
"Жолугушууларда эң эле зээнди кейиткени, бул айтылган көйгөйлөр канча убакыттан бери чечилбей келе жатканында болду. Эмне үчүн жетекчилер өз районундагы, же өз министрлигиндеги, мекемесиндеги кырдаалдын чечилишин мынча создуктап келгениңиздер таптакыр туура эмес. Мен эл менен жолугушууларга барганга чейин урматтуу жетекчилер ушундай маселелерди чечпей кайда жүрдүңүздөр деген суроо туулат",- деди ал.