Алайда адам сатуунун алдын алуу боюнча жаштарга түшүндүрүү иштери жүрөт

Алай районундагы Кабылан-Көл жана Жошолу айылдарында элет жаштарына адам сатуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрөт. "Сен товар эмессиң! Өзүбүздү сатууга жол бербейбиз!" деген ураандын астында өтө турган эки айлык тууралуу уюштуруучулар 10-мартта билдиришти. 

Анда жаштар ишкерлерге, айыл аймактарындагы социалдык кызматкерлерге, бийлик өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорун берип, адам сатуу жана миграция жаатында маалымат алышат. Ошондой эле кулчулукка кабылгандарга жардам көрсөтүүчү уюмдар жөнүндө биле алышат. Иш-чара "Аялзат" айымдардын демилгелер борбору, КРдагы миграция боюнча эл аралык уюмдун жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиктин колдоосу менен өтөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aramisa
2015-03-10 12:42:43
Менимче Алайда адам сату фактысы каттала элек болуш керек? Айтарым бул ишти бринчи шаар жергесинен баштама жакшы болмок. эмнеси болсода ийгилик каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан