"Шаардык таштанды таштоочу жай келечекте сейил бакка айланат" дейт мэр

Шаардык таштанды таштоочу жайдын жанындагы конуштар менчиктештирилбейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-март күнү маалымат жыйынында Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, Шаардык таштанды таштоочу жай келечекте сейил багына айланат. Ал эми анын жанындагы өзүм билемдик менен басылып алынган жерлер эч убакта менчиктештирилбейт.

“Бул жерлер мыйзамсыз басылып алынган, аны жаңы конуш деп атоо туура эмес. Эч кандай инфраструктурасы жок, жаш балдар тыңыраак бала бакчага же мектепке бара алышпайт. Экинчиден, биз жергиликтүү жашоочуларга бул маселенин бир гана жолун айта алабыз, аларды мэрия каттоого ала алат, бирок мыйзамсыз басып алган жер баары бир муниципалдык бойдон кала берет”,- деди мэр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zman53
2015-03-10 13:32:05
Мечтатель
+1
maks100589
2015-03-10 13:41:14
таштанды таштоочу жай келечекте сейил багына айланат деп эле келе жатышат! Качан эми? ток этер жерин айтпайсынарбы? Иса кеткенден бери шаар таштандыга айланды го.
+1
beka88
2015-03-10 16:56:54
шаардын жудогонун коруп уяласын, каап качан тазарат экенбиз?батыраак чоп осуп кетсе корунбой калат эле
+1
bakyt_2015
2015-03-10 19:34:00
Таштанды таштоочу жайды койуп кочоолорду кичине ирээтке келтирип алчы.Турган сейил бакты талкалап уй сала калып атасынар,анан таштандыны сейил бак кылам дегенин жон эле бозодогу кеп да. Мэр акен бозоканадан чыгып келатып балп дедирип койгон го сыягы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан