Борбордо мыйзамсыз жер тилкесин кеңейткен тургунга 10 миң сом айып пул салынды

Бишкектеги Щербаков көчөсүндө тийиштүү документи жок жер тилкелерин муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейткен факты аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын Жеке турак жай куруу департаментинен билдиришти. 

Аталган жайдын ээси Бурул Сарчаловага дубалдарды сүрдүрүү боюнча көрсөтмө берилген. Мыйзамсыз кеңейтилген жай баштапкы абалына келтирилбегендиктен, Биринчи Май райондук сотунун токтомуна ылайык жер тилкесинин ээсине 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Андан соң департамент тарабынан кеңейтилген жер тилкелери баштапкы абалга келтирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bakulya79
2015-03-10 20:54:13
Туптуура жазаптыр.элдер да бар жерге шугур кылбайт.жарым метр болсо да кошуп алайлы деп калган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан