“300 спартандыктар” тасмасында Леонид падышанын ролун жараткан Голливуд актёру Жерар Батлердин сүрөтү Өзбекстанда 6-класстардын “Байыркы дүйнөнүн тарыхы” китебинде орун алган. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Леонид падыша тууралуу маалымат жазылган баракта өзүнүн илгери сүрөтчүлөр колго тарткан сүрөтү эмес, жогоруда аталган тасмада роль жараткан актёрдун сүрөтү басылган. Буга өзбек басылмалары сын көз караш менен токтолушкан. Ал эми бул тууралуу жарык көргөн макалаларда окурмандар Троя согушу айтылган жерге актёр Брэд Питтин (“Троя” тасмасында ойногон), Жанна д`Арк тууралуу айтылган маалыматка актриса Мила Йововичтин сүрөтүн коюуну сунуш кылып, күлкүгө айландырышты.