Чүй облусунда жыл башынан бери 20 унаа уурдоо фактысы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагында мыйзамсыз түрдө унаа тартып алуу боюнча 16 факт катталган. Булардын ичинен 11 кылмыштын бети ачылган. Аталган аймакта катталган кылмыштардын бетин ачуу 80 пайызды түздү.