Аида Салянованын жолдошуна козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 15-апрелге белгиленди

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго козголгон кылмыш иши боюнча сот отуруму 15-апрелге белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Айта кетсек, Бакыт Абдыкапаровго УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына карата УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишин токтотууга жардам берүү үчүн алдоо жолу менен 50 миң доллар алышкандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Кылмыш ишине башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун катыштыгы бар экендиги аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан