Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги: "Алиясбек Алымкулов министр учурунда кызматкерлерин иштен мыйзамсыз айдаган эмес"

Алиясбек Алымкулов Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жетектеп турганда министрликтен кызматкерлерди мыйзамсыз иштен айдоо фактылары болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликтин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын адиси Д.Бекишованы жумуштан мыйзамсыз бошотуу боюнча облустук башкармалыктын мурунку башчысы Н.Т.Искаковго 65 980 сом төлөтүү талабы коюлган.

Эскерте кетсек, 11-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Ааалы Карашев кызматкерлерди иштен мыйзамсыз бошоткон мамлекеттик кызматтагы 18 жетекчинин аттарын атаган. Алардын арасында мурунку эмгек, миграция жана жаштар министри А.Алымкулов жана министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын мурунку башчысы Н.Искаков болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан