Биз социалдык тармакта

Кызматкерлерин иштен мыйзамсыз айдаган 18 чиновниктин аты аталды, тизмеде Мелис Турганбаев, Турсунбек Акун бар

Мамлекеттик кызматкерлерди иштен мыйзамсыз бошоткон мамлекеттик кызматтагы 18 жетекчинин аты аталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта парламент жыйынында Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Аалы Карашев билдирди. Анын айтымында, тизмеде төмөнкүлөр бар:

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров;

Мурунку билим берүү жана илим министри Канат Садыков;

Мурунку эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов;

ИИМдин мурунку башчылары Зарылбек Рысалиев, Шамиль Атаханов, Абдулда Суранчиев, учурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев, облустук ички иштер түзүмдөрүнүн жетекчилери;

Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов;

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин учурдагы директору Сабир Атажанов;

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун;

Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бактыбек Аширов жана башкалар.

Депутаттар бул тизмеге кирген чиновниктерди жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан