Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташуучу мекемеде коррупциялык схема аныкталды

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча автотранспорттук мекемесинде коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин кызмат адамдары эч кандай тендер өткөрбөстөн унаа тетиктерин сатып алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, тетиктер тааныштар аркылуу Кытайдан алынып келинген. Учурда “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келишим түзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан