Бүгүн, 13-мартта саат 14:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295-аскер бөлүгүндө жоокер эс-учу жок абалында табылды. Бул тууралуу КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ш.С. аттуу 1994-жылы туулган жоокер Кадамжай райондук аскер комиссариатынан чакырылганы аныкталды. "Ал эс-учу жок абалында бөлүктүн медициналык түйүнүнө жеткирилген. Андан соң шаардык ооруканага алынып барган. Көрсөтүлгөн медициналык жардам жыйынтык берген жок. Өлүмдүн себептери такталууда",- деп билдирет мекеме.
Бул окуя боюнча Түштүк-батыш аймактык башкармалыгы кызматтык иликтөөнү дайындады.