Бүгүн, 15-мартта коомдук жана мамлекеттик ишмер, акыркы жылдары Улуттук олимпиада комитетин жетектеп келген
Мурат Саралинов жерге берилди. Маркумдун сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
13-мартта 54 жаш курагында жүрөк оорусунан улам көз жумган маркумдун жаназасына бир катар мамлекеттик ишмерлер, спорт ишмерлери, спортчулар, паралимпиадачылар (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар), анын жакындары, дос-тууган, тааныштары катышты.