Борбор калаада уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын 36 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар Кулатов көчөсүндө токтоп турган унаасынын айнегин талкалап, документтерин жана сумкадагы 14 миң сомун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 23 жаштагы шаардын тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.