Эсептөө палатасынын башкы инспектору “коррупциялык кылмышты жашырган” деп шектелүүдө

Эсептөө палатасынын башкы инспектору “коррупциялык кылмышты жашырган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-2014-жылдары Бишкектеги Перинаталдык борбор тарабынан дары-дармек үчүн фармацевтикалык ишканага акча каражаты которулган. Бирок дары-дармек аталган борбордун дары сактоочу жайына келип түшкөн эмес. Мындан улам жалпы келтирилген чыгым 2 жыл ичинде 7 миллион 668 миң сомго жеткен. Ал эми Эсептөө палатасы жыл сайын аудит жүргүзүп келген, бирок түзүлгөн актта бир дагы мыйзам бузуулар жазылган эмес.

Айта кетсек, буга чейин Бишкектеги Перинаталдык борбордун кызматкери акча каражаттарын уурдоо фактысын жабуу үчүн 500 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалганын жазган элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан