Талас районунун Көк-Токой айылында жол кырсыгы катталып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 14-март күнү болгон. Анда Хонда Стрим жана Гольф 3 унаасы сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаанын айдоочусунун буту сынып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Жол кырсыгынын келип чыгышына биринчи унаанын айдоочусунун мас абалында болгону себеп болгон. Бирок ал жаракат алган эмес.