Борбор калаада баңгизат менен 21 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 13-март күнү саат 22:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан документтерин текшерүү үчүн 21 жаштагы А.А. аттуу жаран токтотулган. Анын колунда жалпы салмагы 15 граммды түзгөн гашиш да болгон. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.