Борбор калаада "ур-токмокко алып, тоногон" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы шаардын тургуну кайрылган. Анда Павлов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен Арген аттуу чала таанышы аны ур-токмокко алып, анын уюлдук телефонун алып кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы С.А. аттуу жаран кармалды. Учурда бул факт боюнча бардык материалдар чогултулуп, тергөө амалдары жүрүүдө.